Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Силер барганда не пайда?!" Баткенге келген депутаттар социалдык тармактарда сынга кабылды

Адвокат Сания Токтогазиева парламент депутаттары ушул оор мезгилде конституциялык милдеттерин так аткарышы керек деп эсептейт

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Жогорку Кеңештин депутаттарынын Баткенде болушуна токтолду.

Анын айтымында, эми эл өкүлдөрү өзүлөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарып, жок дегенде тажик армиясынын агрессивдүү аракеттери жөнүндө так билдирүү жасашы керек.

«Силердин ал жерде жүргөнүңөрдөн не пайда! Силер ЖКнын кезексиз жыйынын чакырып, жок дегенде баскынчылык жөнүндө ачык билдирүү жасашыңар керек эле. Эл өкүлү катары силер конституциялык милдетиңерди аткаруу, айрыкча ушундай шашылыш жана стресстик мезгилде силер эмне үчүн ал жерде гуманитардык иштерди жасап жатасыңар? ”, - деп жазды юрист.

Мындан тышкары, ал кырдаалды турукташтыруу үчүн коом биригиши керектигин кошумчалады. 

Эске салсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалы учурунда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн аймакка кетип калышкан.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх