Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Президент 5-майда жаңы конституцияга кол коет

Документке кол коюлган күндөн баштап азыркы өкмөт отставкага кетет

Эртең, 5-майда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүндө Президент Садыр Жапаров жаңы Негизги Мыйзамга кол коет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Facebook баракчасына жазды.

"Конституция күнү мамлекет башчысы жаңы конституцияга кол коет", - деп билдирет эл өкүлү. - Конституция расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Өкмөт отставкага кетет. Парламенттик шайлоонун алдында Президент министрлер кабинетинин төрагасын жана статусу бар өкмөт мүчөлөрүн дайындайт.  Бул Конституция мамлекет башчысынын өзүнө дагы көп көйгөйлөрдү жаратат. Министрлер кабинети кетирген катасы үчүн биз президентти урушабыз. Ал бүтө элек мектеп же жол үчүн жооп берет.  Айрыкча акыркы окуялардан кийин.

Эске салсак, 11-апрелдеги шайлоодо Конституциянын жаңы редакциясына 79,3 пайыз, 13,7 пайыз каршы добуш беришкен.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх