­
Садыр Жапаров Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушуна капсула салды - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушуна капсула салды

Президент Баткен облусунда жаракат алган адамдар 50 миңден 100 миң сомго чейин алаарын айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы аскер шаарчасынын курулушунун пайдубалына капсула салды.

Ошол эле жерде Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларга мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Садыр Жапаров чек ара маселелери анын ишиндеги эң артыкчылыктуу маселелердин бири экенин, анткени мамлекеттин коопсуздугу чек аралардан башталарын баса белгиледи.

Президент окуяда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө айтып жатып, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, жабыркагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнөрүн, ал эми үйлөрү кыйрагандардын баарынын турак жайлары бекер калыбына келтирилерин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ишке тартылган бардык мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында тапшырмалар берилип жатат, алардын ишин координациялоону Президент жеке өзү көзөмөлдөйт.

Өз кезегинде жергиликтүү тургундар Баткен облусуна дагы деле болсо жардамын улантып жаткан бардык кыргызстандыктарга ыраазычылыктарын айтышты.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы 

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх