Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КМШга мүчө мамлекеттердин ТИМ юридикалык кызматтарынын жетекчилери видео конференция өткөрүштү

Жолугушуунун катышуучулары методикалык сунуш  долбоорун макулдашышты

Бир күн мурун, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин юридикалык кызматтарынын башчыларынын консультативдик комитетинин 30-отуруму видеоконференция форматында өттү.

Жолугушуунун катышуучулары КМШ алкагында түзүлгөн эл аралык келишимдердин долбоорун иштеп чыгуу боюнча колдонмо долбоорун талкуулашты жана макулдашышты.

Мындан тышкары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү КМШга мүчө мамлекеттерге жиберилген делегациялардын укуктук статусу жөнүндө Конвенцияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыгын талкуулашты жана КМШга мүчө мамлекеттердин тажрыйбасы жөнүндө пикир алышты .

Жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз тарап 5-майда Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүү) кабыл алынган Конституцияга жана ага байланыштуу тийиштүү өзгөртүүлөргө кол койгонун маалымдады.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх