Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманбек Осмонов: Арбитраждык сотту түзүү демилгесин көтөрүү аздык кылат, ылайыктуу кадрларды табыш керек

Жогорку Соттун экс-башчысы эмне үчүн буга чейин Кыргызстандагы арбитраждык соттор иштебей калгандыгын айтып берди

Кыргызстанда арбитраждык сотту өнүктүрүү жакшы демилге болуп саналат, бирок ар дайым ылайыктуу кадрлар маселеси келип чыгат. Мындай пикирин Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Vesti.kg менен бөлүштү.

- Арбитраждык сот буга чейин Соода-өнөр жай палатасында болгон, бирок дээрлик эч качан иштеген эмес, - деп белгиледи ал. - Себеби, арбитраждык сот өзүнүн юридикалык мүнөзү боюнча, тараптардын тандоосу боюнча сот болуп саналат. Башкача айтканда, тараптар бир пикирге келишип, аларды ким соттой тургандыгын өздөрү тандашат. Ошол эле учурда, тараптар кандай гана чечим болбосун, аны тааныйбыз деп алдын-ала макулдашышкан.

Курманбек Эргешович бул учурда экономикалык талаш-тартыштарды кантип чечүүнү түшүнгөн тажрыйбалуу юристтер арбитр катары чыгышы керектигин белгиледи.
"Арбитраждык сотту түзүү демилгесин көтөрүп, ишкерлерди коргоону убада кылуу эле жетиштүү эмес, ылайыктуу кадрларды табыш керек" деди ал. - Жалпысынан бул жакшы демилге.

Эскерте кетсек, Vesti.kg мурдараак министрлер кабинетинин төрагасы кезиндеги биринчи жолугушуусунда Улукбек Марипов президент министрлер кабинетинин алдына бир катар антикризистик тапшырмаларды койду деп айткандыгын билдирген.

“Бул биринчи кезекте ишкердик чөйрөнү максималдуу жакшыртуу. Ушул себептен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлиги түзүлгөн. Ошондой эле сот реформасынын алкагында жеке менчикти коргоо жана арбитраждык сотту өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү милдети турат. Мындан тышкары, тышкы сооданы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү ”, - деп жыйынтыктады ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх