Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК парламенттик шайлоо качан болорун азырынча билбейт

БШК бардык мыйзамдар Конституцияга шайкеш келтирилишин күтүп жатат

Жаңы Конституция күчүнө киргенине карабастан, парламенттик шайлоонун күнү качан болору дагы деле белгисиз. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев билдирди.

"Юридикалык көз караштан алганда, парламенттик шайлоонун датасын ким белгилей турганы азырынча белгисиз", - деп түшүндүрдү ал. - Бардык нормалар Негизги Мыйзамга шайкеш келтирилгенге чейин күтүшүбүз керек.

Эске салсак, октябрь коогалаңынан жана өкмөттү кулатуудан кийин, мындай кырдаал Конституцияга каршы келет деген юристтердин пикирине карабастан, учурдагы парламенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Өз кезегинде Садыр Жапаров кийинки парламенттик шайлоонун датасы май айынан кечиктирилбей белгиленет деп убада берди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх