Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШ кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салынбаган деп эсептейт

Америкалыктар маселени чечүүдө Кыргызстанга жана Тажикстанга жардам сунушташты

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен Тажикстанга чек ара аймагындагы чыр-чатакты жөнгө салууга көмөктөшүүнү сунуштап, бул маселени азырынча жөнгө салына элек деп эсептей тургандыгын белгиледи. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Джонатан Хеник Вашингтондун Атлантикалык Кеңеши уюштурган вебинарда сүйлөп жатып билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

«Бирок, кырдаал жөнгө салынды деп ойлой албайбыз. Ал чечилген жок. Калктын өз үйлөрүнө кайтып келиши жана калыбына келтирүү иштери үчүн [чыр-чатак болгон жерде] шарт түзүү үчүн тынчтык жана туруктуулук талап кылынат.

Албетте, биз [Америка Кошмо Штаттары] эки мамлекеттин жетекчилиги менен Бишкек жана Дүйшөмбүдөгү элчиликтерибиз аркылуу түздөн-түз байланыштабыз. Вашингтондогу алардын элчиликтери менен байланышып турдук. Биз ар кандай жол менен чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү колдоону сунуш кылдык. Эң башкысы, биз чындыгында эле жетекчиликти [Бишкек жана Дүйшөмбү] жоопкерчиликти өз мойнуна алууга, мындай окуя кайталанбашы үчүн шарт түзүүгө чакырдык », - деди АКШнын тышкы саясат боюнча өкүлү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх