Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Мен ичимен шаардын колдоого муктаж экендигин түшүндүм". Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын мэриясына кайтып келгендиги боюнча

Ал вице-мэрлик кызматка кайра тартынбай кайтып келүүгө макул болгонун белгиледи

Бишкек шаарынын жаңы вице-мэри болуп дайындалган Виктория Мозгачева Vesti.kg сайтына берген маегинде, бул кызматка эч кандай шек санабай жана тартынбастан кайтып келүүгө макул болгонун мойнуна алды.

"Мен ичимен шаардын колдоого муктаж экендигин түшүндүм" деди ал. - Кызмат сунушталганда мен дагы тартынган жокмун. Бактыбек Кудайбергенов мени чакырып, сүйлөштүк. Мен эч качан шаарды таштаган эмесмин. Мэриядан кетсем дагы, борбордун жашоосуна активдүү катыштым. Мен эмне кыла алсам, ошону жасап жардам бердим.

Мозгачева жумушка киришкенин айтты.

- Кечээ пландоо жыйынында мени команда менен тааныштырышты, - деп улантты вице-мэр. - Бүгүн эртең менен кадимкидей эле иштей баштадым.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеваны дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду.

Буга чейин аны мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан алган. Мозгачева өзү журналисттерге Түлөбаев аны кызматтан кетүүгө мажбурлаганын айткан.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх