Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы вакцина алды

Экс-президенттикке талапкер жарандарга үлгү болуп, эмдөөгө чакырды

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.

«Бизге жалпы эмдөө керек, ошондо гана биз COVIDди жеңебиз! Sputnik V болобу же Sinopharm болобу, ар ким өзү тандап алышы керек.

Мен биздин өлкөдө жигердүү сунушталып жаткан Синофарм вакцинасын алдым. Эмдөөдөн бери үч күн өттү, кошумча белгилерин байкаган жокмун.

Баарыңыздарды эмдөөгө чакырам.

Сизге чың ден-соолук, жана жакындарыңыз ар дайым бар болушун каалайм! ", - деп жазган ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх