Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Селдин кесепетинен Ош облусунда сегиз жаштагы бала каза болду

Баланы мал жайып жүргөндө селдин агымы алып кеткен

Ош облусунун Өзгөн районунда жүргөн селдин кесепетинен сегиз жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Коммунист, Токтогул айылдарындагы жана Кирпичный участкасындагы турак үйлөрдүн короолорун суу каптады.

Ажар айыл аймагынын Большевик айылында да сел жүргөн.

Ушул учурда 8 жаштагы бала ушул жерде мал жайып жүргөн. Натыйжада селди агым алып кетти. Аны туугандары таап, ооруканага жаткырышып, ошол жерден көз жумган.

Окуя болгон жерде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх