Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытай Кыргызстанга 150 миң COVID-19 вакцинасын бекер берүүгө даяр

КРнын Саламаттыкты сактоо министри КЭР Элчиси менен дары-дармектин кийинки жеткирилишин талкуулады

Бүгүн, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдө саламаттыкты сактоо тармагын колдоо максатында министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Девендин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи КЭР тарабынан Кыргыз Республикасына Sinopharm вакциналарынын кезектеги партиясын 150 миң доза өлчөмүндө бекер берүүгө даяр экендигин билдирди.

Министр Кытай өкмөтүнө үстүбүздөгү жылдын март айында 150 миң дозада вакциналарды бекер бергендиги жана COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча башка жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх