Эрдоган Израилге сабак көрсөтүү үчүн Кыргызстанды союздаштардын катарында көргүсү келгенин айтты
Кыргызстан менен Түркия президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүштү
Бир күн мурун президенттик администрация Садыр Жапаров түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялаган.
Мамлекет башчылары мусулмандардын Орозо айт майрамы менен куттукташты.
Андан кийин, Түркиянын президенттик администрациясынын Твиттердеги аккаунтунда Режеп Тайип Эрдоган Газадагы Аль-Акса мечитине кол салган Израилге сабак көрсөтүү үчүн эл аралык демилгелерде Кыргызстанды алардын жанында көргүсү келгенин жарыялаган басылма пайда болду.
Түркия президенти башка лидерлерди Израилге каршы биригүүгө чакырды.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз