Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапаров түрк ишкерлерин кыргыз экономикасынын ар кайсы тармактарына инвестиция салууга чакырат

Президент Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин делегациясын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу баштаган делегацияны кабыл алды.

Түрк делегациясынын курамына ошондой эле айыл чарба, текстиль жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм, тоо-кен жана курулуш тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери кирген.

Садыр Жапаров меймандарды кабыл алып жатып, Мамлекет башчысы катары Кыргызстандагы чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толук колдой турганын жана алардын мындан ары ишке ашырылышына кеңири жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, бул тармакты толук реформалоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын кеңейтип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, агрардык секторду өнүктүрүүгө, ошондой эле тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика, туризм жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарга багытталган долбоорлорго басым жасайт.

Президент дүйнөлүк пандемиянын кесепетинен улам акыркы жылдардагы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүдөгү терс динамикага карабастан, Түркия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин кошумчалады.

Ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык максат — товар жүгүртүүнү жылына 1 миллиард АКШ долларына чыгаруу үчүн тараптар бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишенимин билдирди.

Ошондой эле Президент соода-экономикалык жана инвестициялык маселелерде эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров ушул жылдын июль айына белгиленген Кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын жана Ысык-Көл кыргыз-түрк бизнес форумун жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанисине токтолду.

Мамлекет башчысы түрк ишкерлерин Ысык-Көл бизнес форумуна активдүү катышууга жана атамекендик экономиканын түрдүү тармактарына инвестиция салууга чакырды.

Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жеткирди.

Ал экономиканын бардык секторлорундагы чакан, орто жана ири түрк бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирген Түркиянын палаталар жана товардык биржалар бирлигинин ишмердиги тууралуу айтып берди.

Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Кыргызстандын потенциалы, анын ичинде адамдык потенциалы жөнүндө айтып, өлкөнү өркүндөтүү үчүн өнөр жайды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ишин реформалоо зарылдыгына көңүл буруп, бизнес менен иштөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров жаңы инвесторлорду тартууга ачык экенин, алардын ишинин коопсуздугун толук камсыз кылууга даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх