Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Фонду кыргыз-тажик чек арасындагы жабыркагандарга 500 миң сом берди

Мындан тышкары, экс-президенттин фонду тарабынан Баткен облусуна 20 тонна ун жөнөтүлдү

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун фонду Баткен облусунун жарандарын колдоо максатында ыктыярдуу төгүмдөр үчүн атайын эсепке 500 миң сом которду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Баткен облусунун администрациясы тастыктады.

Экс-мамлекет башчысы каражаттан тышкары 20 тонна ун жибергени такталды.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы Көк-Таш айылына видеокөзөмөлдөөчү камераларын орнотууну баштаган. Тургундар орнотулган камераларды алып салууну талап кылышкан, бирок кийинчерээк эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан.

Жаңжал андан ары кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусуна чейин жетип, натыйжада эки тараптан 40тай адам каза болгон.

29-апрелдин кечинде тараптар ок атышууну токтотууга макул болушкан, бирок кийинчерээк ок атышуу уланган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх