Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге телефон чалды

Кыргызстандын президенти казак кесиптешин туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 17-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, буга чейин жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх