Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Кумтөр биздики болот. Ишкананы иштетүүгө Кытайга дагы, Россияга дагы, Казакстанга дагы уруксат берилбейт

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы алтын кенинин келечеги кандай болорун түшүндүрүп берди

Мындан ары Кыргызстандын экологиясына зыян келтирилбейт, жер астындагы тоо-кен долбоору иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында депутат, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын кесиптеши Дастан Бекешев өз кезегинде Кумтөр ишканасынын келечеги кандай болорун сурады.

- Биз өзүбүз иштейбиз, Кумтөр биздин колубузда болот, - деп жооп берди Жапаров. - Ишкананын ишине Кытай дагы, Россия дагы, Казакстан дагы киргизилбейт. Учурда талаадагы коркунучтар жоюлган жок. Мындан ары биз өлкөнүн экологиясына зыян келтирбейбиз жана жер астынан кен казуу долбоорун баштайбыз. Кумтөр ар дайым президенттердин "эркелеткен уулу" болуп келген. Келечекте мындай болбойт деп ишенем.

Бекешевден корутунду канча турат деген суроого Жапаров атайын чыгымдар жок деп жооп берди.

- Негизинен эксперттер кыргыз тараптан болушкан, атайын чыгымдар болгон жок, - деди эл өкүлү. - Бизге азыр жардам берип жаткан үч чет элдик компанияны жалдадык. Ага 630 миң доллар сарпталып, 1,5 миллион долларга келишим түзүлгөн. Азырынча кыргызстандык адистерге канча каражат сарпталгандыгын эсептей элекпиз.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх