Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өтөт
Бул чечим алдыдагы эл аралык иш-чаралар менен байланыштуу
Президент Садыр Жапаров эл аралык иш-чараларга байланыштуу, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, эпидемиологиялык кырдаалдын уланып жаткандыгын эске алуу менен, убактылуу аралыктан иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров өлкөдө болуп жаткан бардык иш-чараларды, анын ичинде социалдык-экономикалык иш-чараларды туруктуу көзөмөлдөп турары белгиленди.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз