Галина Байтерек президенттин пресс-катчысы кызматынан алынды
Ал Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе каларын баса белгиледи
Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасына жарыялаган.
Анын айтымында, ал мамлекет башчысы менен жакшы мамиледе болуп, ага жүктөлгөн бардык тапшырмаларды да аткарган.
«Ушактардан жана туура эмес чечмелөөлөрдөн сактануу үчүн, мен Садыр Нуркожоевич менен жакшы адамдык жана жакшы мамиледе экенибизге ишендиргим келет. Мага жүктөлгөн бардык тапшырмаларды аткардым, эми жаңы иштин фронту пайда болду. Бирок мен бул тууралуу кийинчерээк билдирем ”, - деп жазды Байтерек.
Азырынча президенттик аппараттан анын ордун ким ээлей турганы белгисиз.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www