Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына биринчи лицензияны утуп алды (сүрөт)

Лицензиялык үч турнирдеги көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча, кыргызстандык паралимпиадалык нормативди аткарды

Арстанбек Базаркулов 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарында пара-жеңил атлетика (атуу) боюнча биринчи лицензияны жеңип алды.

Лицензиялык үч турнирдеги оюндардын жыйынтыгында Арстанбек Базаркулов паралимпиадалык нормативди аткарып, паралимпиадалык оюндарга жолдомо утуп алды.

 

6-14-февраль аралыгында өткөн Дубайдагы пара-жеңил атлетика боюнча Гран-При мелдешинде ок атуу боюнча 5-орунду ээледи. Тунисте өткөн Гран-При турниринде (13-22-мартта) 4-орунду, ал эми Ноттвиллде (Швейцария, 7-18-май) өткөн Дүйнөлүк Гран-При турниринде 7,98 м натыйжасы менен коло медалга ээ болду.

 

Белгилей кетсек, спортчунун аталган спорттук иш-чараларга катышуусу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх