Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев пара менен кармалды

Жогорку кызматтагы чиновник УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу маалыматты Vesti.kg сайтына УКМК тастыктады.

Маалым болгондой, Дыйканбаев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашырган чет элдик компаниянын өкүлүнүн өтүнүчү менен, мөөнөтүн узартуу жөнүндө оң чечим алуу үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

"Республикага инвестицияларды тартуу жана инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иш-чараларды эске алуу менен, мындай кылмыштарга катышкан мамлекеттик кызматкерлер ээлеген кызматына, регалиясына жана артыкчылыгына карабастан жоопко тартылышат" деп белгиледи мамлекеттик комитетте.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх