Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров президенттик аппараттын бир катар дайындоолоруна кол койду

Адилет Жанузаков Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектеди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Жанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Сазыков Эркин Орозбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх