Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Алар кимди кааласа кызматка отургузушат." ДИБМКнын имаратынын жанында митинг өтүп жатат (видео)

Митингчилер эл жаңы муфтийди тандаш керек деп эсептешет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имаратынын жанында митинг өтүп жатат. Митингчилер муфтияттагы айрым молдолор каалаган нерсесин жабык эшик артында жасашат жана кызматка керектүү адамдарды гана дайындайт деп эсептешет. Чогулгандар элдин ичинен жаңы муфтийди шайлоону талап кылышууда.

Бакай аксакалдар фондунун төрагасы Токтобай Назаралиев ДИБМКда мыйзамсыздык болуп жатат деп эсептейт.

"Бүгүн муфтиятка келгенибиздин себеби, бардыгы чектен ашып кетип жатат" деп түшүндүрдү ал. - Бул жерде атайын чогулган молдолор тобу бар. Алар каалаган кишилерин кызматка коюп, кызматтарынан каалагандай алып салышат. Биз андай болбошу үчүн келдик. Үч жарым ай бою муфтиятка жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга кат жөнөттүк, бирок эч ким жооп берген жок. Бизди алдап кетишти. Орозо учурунда биз көчөгө чыккан жокпуз, алар каалаган нерсесин жабык эшик артында жасаганы жатышат. Муфтийликке жети дубандан тандалып, жакшы адам дайындалышы керек. Эл муну жасашы керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жогорку муфтийдин кызмат ордуна шайлоо дайындалган. Ал атайын сынактардын жыйынтыгы боюнча тандалып алынат.

Дастан Советбеков
Мирайым Алмапсек кызы
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх