Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мээрбек Мискенбаев Садыру Жапаровго: Эгерде сиз экс-президенттин кылмыштарын таба албасаңыз, анда мен таап берем

ЖКнын экс-депутаты Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу жана ага кылмыш ишин козгоо керектигин белгилейт

Парламенттин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылуусунда ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков каалаган убакта президенттин далысына бычак саят деп белгиледи. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагына жазган.

- Урматтуу Садыр Нургожоевич! - Мискенбаев президентке кайрылды. Элин, жерин саткан, өз элин аткан Сооронбай Жээнбеков Сиз алсыраганда биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдалана далыңызга бычак саят!

Бул ачык-айкын согушканды билбейт, дайыма «чөөлөргө» окшоп алсыз мезгилден пайдаланып сокку урат. Мен мындан күмөн санабайм, анткени ал 24 жылдык досун, партиялаш, санаалаштарын саткан, ал нерсеге көнүп, профессияга айлантып алган.

Мурунку эл өкүлү Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу керек деп эсептейт.

"Иниси Асылбек азыр региондордо арам саясатын жүргүзүп, эл менен бийликтин ортосуна бүлүк салып жүргөнүн угуп, кооптонуп турам!

Жээнбековду токтоосуз «экс-президент» макамынан ажыратып, уюшкан үй-бүлөлүк кылмыштуу тобу менен кошо жоопко тартыш керек!

Эгер эл арасында кызуу талкууга түшкөн 10 миллион доллар алган деген кептер калп десеңиз, мына ушундай кадамга барыңыз. Жээнбековдордун кылмышын таба албай жатсаңыз, мен таап берем!"

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх