Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темирбек Асанбеков: Садыр Жапаров мага ЕЭК министринин кызматын ишенип берди

Экс-президенттикке талапкер Евразия окумуштуулар экономисттер клубунун мүчөсү болгондуктан, кызматка киришүүгө макул болду

"Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери, экс-президенттикке талапкер Темирбек Асанбеков Vesti.kg сайтына Кыргызстандан ЕЭК Энергетика министринин кызмат ордуна дайындалгандыгы жөнүндө комментарий берди.

Анын айтымында, ЕЭК комиссиясына кирүү сунушу мамлекет башчы Садыр Жапаровдон түшкөн.

"Биринчи кезекте биз жалпы союздук кызыкчылыктарды коргошубуз керек", - деди Асанбеков. - Мен интеграциялык саясаттын алкагында энергетика жана инфраструктура тармагын жетектейм. Сунуш өлкөнүн жогорку жетекчилигинен келген. Экономикалык көз караштан алганда, мен бул тармактагы бардык кыйынчылыктарды түшүнөм. Мен өлкөгө жардам берүү каалоосу менен макул болдум. Анын үстүнө мен Москвада окуп, Евразиялык окумуштуулар экономисттер клубунун мүчөсүмүн. Улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого аракет кылабыз.

Эскерте кетсек, бүгүн экс-президенттикке талапкер жана 2020-жылдын октябрь окуясынын катышуучусу Темирбек Асанбеков ЕЭКтин Кыргызстандан министри болуп дайындалгандыгы белгилүү болду.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх