Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сочиде Жапаров Путин менен жолугушуудан тышкары дагы эмне кылды

Мамлекет башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Сочиге болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчылары кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.

Белгиленгендей, башкалар менен катар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери каралды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочидеги "Сириус" Федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, сейил бакта жайгашкан объектилер менен таанышты.

Кечээ, 25-майда Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх