Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Соттор мародерлордон да жаман!" Өкмөт үйүнүн жанында митинг өтүп жатат (видео)

Нааразы болгон насыя алуучулар насыяларды төлөө үчүн убакыт сурашууда

Бишкекте нааразы болгондор өкмөт үйүнүн жанына чогулушту. Алар насыя жана пайыздарды төлөөгө убакыт берүүнү суранышат.

 

Митингге чыккандар микрокредиттик компаниялардан насыя алышканын айтышты. Айрымдары алдамчылыктын курмандыгы болушса, башкалары карыздын айынан үйүнөн айрылышты.

Митингге чыккандардын бири банктарды талап-тоноочуларга салыштырды.
"Биздин соттор Конституция боюнча эмес, коррупциялык тутум боюнча иштешет" деп нааразычылык акциясында билдиришти. - Акыйкатсыздыктын курмандыктары ушул жерге чогулушту. Насыяга 150 миң сом алгам. Анын 80 миңин төлөдүм, 70 миң сому калды. Бирок сот банк менен макулдашып менин үйүмдү банкка өткөрүп берген. Сот мародерлордон да жаман!


Маалым болгондой, митингчилердин лидерлери сүйлөшүү үчүн өкмөт үйүнө киришти.

сүрөт, видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх