Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каржы милициясынын полковниги Ысык-Көл облусунун акими болду

Бүгүн Калыбек Жумадылов командага тааныштырылды

Ысык-Көл облусунун жаңы акими болуп Калыбек Жумадылов дайындалды. Бүгүн, 26-майда ал командага тартууланды.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аймактарынын акимдерин ротациялоо боюнча жарлыктарга кол койгон.

Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка акыйкат жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, басмырлоого жол берилбестигин камсыз кылуу жана кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү болуп саналат. Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында өлкөдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өттү.

Калыбек Жумадылов 1980-жылы 22-октябрда Ысык-Көл облусунда туулган.

Эмгек жолун 2001-жылы Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматында милиционер болуп баштаган.

2021-жылдын 4-январынан 2021-жылдын 21-майына чейин Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам иш алып баруу жана баштапкы инспекция башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болгон.

Финансы полициясынын полковниги наамына ээ.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх