Өкмөт үйүндөгү митингчилер ММБФнын мурунку башчысын жоопко тартууну өтүнүшүүдө (видео)
Митингчилер Ренат Түлөбердиевди коррупционер деп аташууда
Бишкекте дагы бир митинг өкмөт үйүнүн жанында өтүп жатат. Чогулган жарандар Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы Ренат Түлөбердиевди жоопко тартууну, ошондой эле президенттик администрациянын кызматкери Ислам Джусупбековду кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.
Митингге чыккандар: "Коррупционер чиновниктерге!", "Түрмөдөгү коррупционерлер" деген ураандарды кыйкырып жатышат. Митингге 20дай адам катышты.
Эске салсак, 2009-жылы журналисттер Түлебердиевди мүлкүн жана кирешесин жашырып жүргөн жеринен кармашкан.
Сүрөт, видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз