Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров июнь айында Анкарага расмий сапар менен барат

Ал жерде Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-отуруму болот

26-майдын алдында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев Чавушоглу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакында боло турган расмий иш сапарын жана ушул жылдын июнь айында Анкара шаарында Кыргыз Республикасы менен ТРнын Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-отурумун өткөрүүнү талкуулады. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелери каралды.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх