Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай унаа жолунун курулушу менен таанышты

Жолдун негизги максаты - Тажикстандын аймагын айланып Ак-Сай айылына чейин айланып өтүүчү унаа жолун камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты.

Аталган жолдун курулушунун негизги максаты — Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу.

Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды.

Мамлекет башчысы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушуна чоң маани берди.

Президент Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшүнүн жана туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналган ички жолдорду куруу зарыл экенин белгиледи.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх