Садыр Жапаров көзү өткөн үч чек арачыны "Эрдик" медалдары менен сыйлады
Аскердик милдетти аткарууда көрсөткөн тайманбастыгы жана эрдиги үчүн
Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык УКМКнын Чек ара кызматынын көзү өткөн аскер кызматкерлери "Эрдик" медалдары менен сыйланды.
Аскердик милдетти аткаргандагы эрдиги жана тайманбастыгы үчүн алар көзү өткөндөн кийин сыйланышты:
- УКМКнын Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;
- УКМКнын Чек ара кызматынын капитаны Манасбек уулу Нурсултан;
- УКМКнын Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбекович.
Президенттик администрациянын басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз