Бабановдун адвокаты: Анын так эмне үчүн кармалганын деле билбейбиз
Адвокаттын айтымында, мурунку премьер-министр УКМКнын убактылуу кармоочу жайында
Өмүрбек Бабановдун жактоочусу экс-президенттикке талапкер эмне себептен кармалгандыгын билбейт.
"Азырынча ал эмнеге шектелип жаткандыгын билбейбиз" деди саясатчынын адвокаты Амантур Абдырахманов Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Алар кармоо протоколун түзүшүп, анда ал Кумтөрдөгү коррупцияга шектелип жаткандыгын көрсөтүшкөн. Бирок кандай амалдар жасаганы белгисиз. Күмөн саноо жөнүндө билдирүүнү же айыптын мүнөзүн тактоону сурандык. Бизге билдирүү кийинчерээк берилет деп айтышты. Азыр Өмүрбек Бабанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Өмүрбек Бабановду Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалганы белгилүү болгон.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www