Ок атышуу кыргыз-тажик чек арасында жаңырды. Бир аскер курман болуп, экинчиси жаракат алган
УКМКнын маалыматы боюнча, окуя куралды этиятсыз колдонуунун натыйжасында болгон
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок жаңырды. УКМК ККнын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча, Баткен облусунун Баткен районундагы Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, куралды этиятсыз колдонуунун кесепетинен УКМК Чек ара кызматынын бир кызматкери ошол жерде каза болуп, экинчиси жаракат алган.
Окуя боюнча тиешелүү органдарга билдирүү берилген.
Учурда Баткен чек ара отрядынын командачылыгы жеринде, бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз