Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: "Кумтөр" иши боюнча депутаттарды кармоо мыйзамсыз

Парламентарий жаңы Конституциянын нормаларын эске салды

Жогорку Кеңештин депутаттарын камакка алаардан мурун Башкы прокуратура парламенттин макулдугун алышы керек болчу. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев ЖКнын пленардык жыйынында бөлүштү.

Эл өкүлү жаңы Конституцияга ылайык, депутат кесиптештеринин көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жооп бере тургандыгын эске салды.

"Өзгөчө учурда, депутат кылмыш иши козголгон жерде кармалганда гана, Ж.К.нын макулдугусуз жоопко тартылышы мүмкүн", - деди Бекешев.

Эскерте кетсек, буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Кумтөр иши боюнча кармалган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх