Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан COVID-19 үчүн терс ПЦР анализин берген туристтерге гана келе алат

Республикалык штаб эмдөө сертификатынын болушу милдеттүү талап эмес экендигин белгилейт

Кыргыз Республикасына COVID-19 карай ПЧР анализи терс деп табылган туристтер келе алат.

Республикалык ыкчам штаб белгилегендей, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө.
Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет элдик жарандардын жана туристтердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө коронавирус инфекциясына карай тестирлөөнүн терс жыйынтыгы (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксаат берилет.

Республикалык штаб белгилегендей, коронавирустан вакцинациялангандыгы тууралуу сертификаттын болушу республикасынын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт.

Кабминдин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх