Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Италиянын Президенти Сержио Маттарелланы Республика күнү менен куттуктады

Кыргызстандын Президенти Италия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелланы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Италия Республикасынын улуттук майрамы — Италия Республикасынын күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда көп тармактуу кызматташуунун чоң потенциалы бар. Аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу максатында өз ара тыгыз байланыштар мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем» деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага чың ден соолук, бакубатчылык, ал эми Италия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх