Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Никола Скарамуццо: Жаңы кодекстер адам укуктарына коркунуч жаратат

ЕБнин КРдеги программаларынын жетекчиси мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан жыйында билдирди

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси Никола Скарамуццо жаңы кодекстер боюнча өтүп жаткан жыйында сунушталып жаткан Жазык аткаруу кодекстеринин долбоорлору адам укуктарына коркунуч туудурат деген пикирин билдирди. Ал жаңы кодекстер өтө шашылыш мөөнөттө жетиштүү анализсиз, жарандык коом менен эксперттердин катышуусуз кабыл алынып жатканын белгиледи.

2014-жылдан тарта Кыргызстанда соттук укуктук реформаларын ишке ашырууга көмөк көрсөтүп келген Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программаларынын жетекчиси азыркы талкууланып жаткан долбоорлор өлкөдө акыркы жети жылдан бери бул жаатта ишке ашырылган бардык жетишкендиктерди артка тартарын, жыйынтыкта адам укуктарынын чектелишине алып келерин айтты.

"Өлкөнүн башкы аракети - адам укуктарын коргоону бекемдөө болушу керек, биз бул багытты колдойбуз," - деди ал.

Гүлзат Иманова

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх