Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сания Токтогазиева: Соттук - укуктук реформада эч кандай негиз жок

Мындай пикирин юрист кодекстер боюнча жыйында билдирди

Бугун 2-июнда борбор калаада Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган Жазык, Жазык процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйын өтүүдө. Анда юрист Сания Токтогазиева соттук укуктук реформага эч кандай негиз жок экенин билдирди. "Бул кодекстер прокурорлорго керек болгон үчүн эле кабыл алынып жатабы ошондо" , деди ал.

Башкы прокуратуранын өкүлү юристтин суроосуна жооп берип жаткан маалда өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча эксперттик топтун башчысы Чолпонкул Арабаев ортого түшүп, "Силер эмнеге актанып жатасыңар, биз кодекстердин начардыгынан өзгөртүү киргизип жатабыз да. Өлкөнү тупикке алып келгендерди биз билебиз" деген. Муну уккан укук коргоочу Гүлшайыр Абдрасулова ЖМК өкүлдөрүн жыйындан баш тартып, чыгып кетүүгө чакырды. "Жарандык коомго сөз бербей, өлкөнү туңгуюкка алып келдиңер деп күнөөлөп жатышат. Андан көрө бул жыйындан кетип эле калалы" деди ал.

Залда отурган ЖМК өкүлдөрү кол чаап, бирок, жыйындан чыгып кетишкен эмес.

Гүлзат Иманова

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх