Бишкектин соода борборлорунда балдар аянтчалары ачылды
Бирок аянттар 50% га гана толушу мүмкүн
Бишкек шаарынын мэриясы балдардын көңүл ачуучу жайларынын жана соода жана көңүл ачуу борборлорундагы оюн аянтчаларынын иштешине байланыштуу "Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу чаралары жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.
2021-жылдын 1-июнунан баштап соода жана көңүл ачуу борборлорунда балдар аянтчалары калыбына келтирилди. Бирок аянт ээлери 50% элди толтурууга, социалдык аралыкка жана балдар ойноочу аянтчалардын иштешинин айрым эрежелерине баш ийиши керек.
Урматтуу жарандар! Сураныч, санитардык-эпидемиологиялык стандарттарды сактаңыз жана өзүңүзгө кам көрүңүз!
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз