Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министри: Коронавируска байланыштуу чектөө киргизүүнүн кажети жок - экономика кыйналат

Алымкадыр Бейшеналиев туристтик сезонго даярдыктар көрүлүп, Ысык-Көлдө ооруканалар ачылып жаткандыгын белгиледи

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска байланыштуу чектөө киргизүүнүн кажети жок, анткени бул өлкөнүн экономикасына зыян келтириши мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу расмий бүгүн, 3-июнда ЖКнын отурумунда билдирди.

- Өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал көзөмөлдөнүп жатат, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы. - Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү киргизбеш керек, анткени бул өлкөнүн экономикасына зыян келтириши мүмкүн. Биз туристтик сезонго даярданып, Ысык-Көлдө ооруканаларды ачтык. Ошондой эле санитардык дарыгерлер дагы бар. Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бөлүм башчылары менен туристтик мезгил жөнүндө сүйлөштүк. Алдын-ала үч айга дары-дармектерди даярдап койдук.

Депутат Нурбек Тотонов мечиттерден башка мекемелердин эмне үчүн ачылып жатканына нааразы болду.

- Эмне үчүн аларга майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилди, бирок мечиттер дагы эле жабык? - деп сурады эл өкүлү. - Бул туура эмес.

Министр бул маселе Республикалык штабда караларын убада кылды.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх