Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жылдызкан Жолдошева "Кумтөр" иши боюнча Аскер прокуратурасында суракка алынды

Экс-депутат тергөөчү Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссиянын токтомунун долбооруна эмне үчүн добуш бергенине кызыгып жаткандыгын айтты

Бүгүн, 3-июнда Аскер прокуратурасында мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева суракка алынды.

Vesti.kg менен болгон маегинде Жолдошева тергөөчү эмнеге 2012-жылы Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссиянын токтомунун долбооруна добуш бергенине кызыгып жаткандыгын белгиледи.

"Алар мага Кумтөр маселеси боюнча күбө катары Аскер прокуратурасына суракка чакыруу кагазын жиберишти" дейт ал. - Тергөөчү Азат Баеков болгон. Анын мага берген бир суроосу бар: мен эмне үчүн Садыр Жапаров башында турган Жогорку Кеңештин комиссиясы тарабынан түзүлгөн токтом долбооруна добуш бердим. Мен, биринчиден, депутаттын императивдик мандаты бар деп жооп бердим. Бул мурунку депутат ЖКнын депутаты катары берген билдирүүлөрү жана добуштары үчүн жооптуу эмес деген ойду билдирет. Мыйзамда депутатты мурунку айткандары үчүн жоопко тартуу мыйзамсыз экендиги айтылган.

Жылдызкан Айтибаевна 2012-жылы токтом долбооруна эмне үчүн добуш бергенин айтып берди.

"Документ мамлекеттин жана элдин гана кызыкчылыгын көздөгөнү үчүн добуш бердим" деп белгиледи Жолдошева. - Ага 34 депутат добуш берди, бирок бул алардын бири дагы куугунтукка алынышы керек дегенди билдирбейт.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх