Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аманат Сыдыков Балыкчы шаарынын жаңы мэри болот

Анын талапкерлиги үчүн шаардык кеңештин 23 депутаты добуш берди

Аманат Сыдыков Балыкчы шаарынын мэринин кызмат ордуна шайланган. Бул тууралуу Vesti.kgге муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгүн шаар башчысын шайлоо болуп өттү. Шаардык кеңештин 23 депутаты Сыдыковго добуш берди, 8 адам анын оппоненти Талантбек Мергенбаевди колдоду.

Азырынча жаңы мэрди дайындоо боюнча расмий токтом боло элек.

Белгилүү болгондой, Аманат Сыдыков 32 жашта. Ал "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан мурунку чакырылыштагы Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх