Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин алдындагы сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңештин биринчи отуруму болуп өттү

Башкы прокурор Курманкул Зулушев башында турган атайын эксперттик жумушчу топ

Бүгүн, 7-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү.

Кеңештин милдеттери, сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматтар угулду, алардын презентациялары болду.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кеңештин алдында иштеп жаткан кылмыш, жарандык, административдик жана аткаруу кодекстериндеги укуктук боштуктарды жана коллизияларды четтетүүгө багытталган сунуштарды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн атайын эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Эксперттик топту Башкы прокурор Курманкул Зулушев жетектейт. Эксперттер сот системасынын жана сот өндүрүшүнүн эң актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү боюнча мыйзам долбоорлорун даярдашты. Аларга сот реформасынын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча талдоолор жасалып, сунуштамалар берилген.

Мыйзам долбоорлору боюнча Кеңештин төмөнкү мүчөлөрү презентация жасашты: Жогорку Соттун Төрайымы Нургүл Бакирова, Жогорку Соттун судьясы Замирбек Базарбеков, Конституциялык Соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев, Президенттин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Медербек Сатыев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, «Адилет» укуктук клиникасы «коомдук фондунун директору Чолпон Жакупова жана эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Чолпонкул Арабаев.

Жыйын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх