ИИМ: Орхан Инандыны дарыялардан жана каналдардан, таштанды төгүлүүчү жайлардан ж.б.издеп жатабыз
Күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары дайынсыз жоголгон "Сапат" лицейинин негиздөөчүсүн издөө иштерин улантууда
Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча Орхан Инандыны табуу боюнча күчөтүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен республиканын аймагында дайынсыз жоголгондордун жайгашкан жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айдоо жерлеринде, таштанды жана таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлөт.
Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерилет. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашуун кызматкерлери тартылган.
Мындан тышкары, ушул сотко чейинки процесстин алкагында бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, күбөлөр суралып жатат.
Жаран Орхан Инанданын жүргөн жерин аныктоо боюнча масштабдуу иштер улантылууда.
Эске салсак, кыргызстандык Орхан Инанды издөө боюнча сотко чейинки процесстер Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.
ИИМдин басма сөз кызматы
Сүрөт www