Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү оңдоо үчүн жабылды

Көчөгө жаңы жол төшөөсү жана тротуарлар курулат

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Медеровго чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабылган.

Реконструкциядан кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзөт, оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1900 метр. Көчөгө жаңы жол төшөгү жана тротуарлар курулат.

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгүн реконструкциялоо пландары бар. Жолдун башка тилкелериндеги оңдоо иштери 10 күндүн ичинде башталат.

Жол "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун (2-фаза) алкагында, КЭРдин грантынын эсебинен оңдолуп жатат.

Көчөнүн бардык тилкелериндеги оңдоо иштерин ушул жылдын сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана автоунаа менен жүрүү үчүн маршрутту алдын ала ойлонуп чыгууну суранат.

Алма-Атинская, Карл Маркс, Абдрахманов жана Панфилов көчөлөрү альтернативдүү жолдор.

  

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх