Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга учуп кетти

Кыргыз делегациясынын курамына кимдер кирди?

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, расмий иш сапары менен Түркия Республикасына, Анкара шаарына жөнөп кетти.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.

Расмий иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин жубайы Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;

— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх