Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковду кармады

Буга чейин келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына бошотулган, бирок ушул күнгө чейин бул милдеттенмени аткарган эмес

Мурда маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы »мамлекеттик ишканасынан акча каражаттарын алуу боюнча коррупциялык схеманын бетин ачкан.

«Кыргыз Темир Жолу» Мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков, 2020-жылдын май айынан 2020-жылдын декабрына чейин, товардык-материалдык баалуулуктарды жеткиргендиги үчүн акы төлөп берүү шылтоосу 1,1 млрд. доллардын туунду жеке компанияларга  мыйзамсыз өлчөмдө акча которгону аныкталды..

2021-жылы 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту келтирилген зыяндын ордун толтуруу шартында Дашковго карата үй камагына алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алган. Бирок, ушул күнгө чейин Дашков тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Мындан тышкары, сотко чейинки процесстин алкагында, "Кыргыз темир жолу" ишканасынан бюджеттик каражаттарды алуу боюнча кошумча фактылар аныкталды. Тактап айтканда, 2021-жылдын январынан апрелине чейин мамлекеттик ишканадан 490 миллион сомго жакын акча алынгандыгы аныкталды. Ошентип, келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млрд.

Буга байланыштуу, 8-июнда Дашков Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх