"Сооронбай Жээнбеков экс-президент статусуна татыктуу эмес". Ак үйдүн жанында митинг болуп өттү
Митингчилер экс-президент 5-6-октябрь окуяларына күнөөлүү деп эсептешет
Бүгүн, 10-июнда Ак үйдүн жанында митинг болуп өттү. Катышуучулар Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусунан ажыратылышын колдошту.
Митингчилер “Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин статусуна татыктуу эмес”, “Үмүттүн өлүмүнө ким жооп берет?”, “5-6-октябрда жаракат алган адамдар калыбына келтирүү жана операцияга муктаж . Бул үчүн ким жооп берет? "
"5-6-октябрь окуяларына Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү, ошондуктан аны экс-президенттин статусунан ажыратуу керек", - дешти нааразычылык акциясына чыккандар.
Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгына ачууланган эл 6-октябрга караган түнү митингге чыгышты.
Тополоң учурунда адамдар жапа чегишти. Бир жигит турмушка туура келбеген жаракаттан улам каза болду.
сүрөт www