Кытай Кыргызстан менен чек арасын бир суткага жабат
КНРдеги "Ажыдаар кайыгы майрамына" байланыштуу өткөрмө пункттар убактылуу жабылат
Кытай тараптын демилгеси менен, Кытай Эл Республикасында Ажыдаар кайыгы майрамын белгилөөгө байланыштуу, 14-июнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай бөлүгүндө жайгашкан "Торугарт-Авто жол"жана "Иркештам-Авто жол"өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
Унааларды жана жүктөрдү өткөрүү 15-июнда улантылат.
"Торугарт-Авто жол " жана "Иркештам-Авто жол" өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга товар ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштей тургандыгын эсиңиздерге салабыз.
КРнын УКМК Чек ара кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз