Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Ниязбеков айдоочулардын олуттуу жол кырсыктары үчүн жоопкерчилигин тезинен карап чыгууну тапшырды

ИИМдин башчысы авариялар көп болуп жаткандыгына байланыштуу жыйын өткөрдү

2021-жылдын 14-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков аппараттык онлайн кеңешме өткөрдү. Анда негизги тема катары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүү тууралуу тапшырмасын аткаруу маселелери каралды.
Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштады. Өлкө башчысы адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү ички иштер министрлигине тапшырган эле.
Ошол себептүү ИИМдеги онлайн аппараттык кеңешмеде бул маселе катуу талкууга алынып, министр тез аранын ичинде жол кырсыктарын алдын алуу, болтурбоо, профилактикалык иштерди күчөтүү жана аны кеңири чагылдыруу, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо чаралары боюнча кескин чараларды көрүү, абалды жакшыртуу, жүргүнчү ташыган жана оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолугушууларды уюштуруп, жол кырсыктарын алдын алуу иш-чараларын колго алуу жана жайкы туристтик мезгилге карата жол кырсыктарын болтурбоо максатында зарыл иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылды. Ошондой эле тез аранын ичинде жол кырсыктарына байланыштуу жазаны күчөтүү, мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрду киргизүүнү тез арада колго алуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Ошондой эле онлайн чогулуштун жүрүшүндө жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана коопсуздуктуу камсыз кылуу жана ошондой эле адамдардын сууга чөгүп кетүү кырсыктарын алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте комплекстүу иш-чараларды колго алуу максатында ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өттү.
Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
ИИМ башчысы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Айрыкча ички иштер органдарынын кызматкерлери жана туристтик милициясынын кызматкерлери чет өлкөлүк туристтердин жана республиканын конокторунун коопсуздугун, ошондой эле алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону камсыз кылат.
“Бардык ички иштер органдарынын негизги милдети коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп эсептелет. Башкача айтканда коомдук саясий кырдаалдын туруктуулугуна, элдин тынчтыгына, жарандардын социалдык турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизе турган жат көрүнүштөрдү, кылмыштарды, жагымсыз окуяларды алдын алуу жетекчилерден баштап катардагы кызматкерлерге чейин ар биринин аткара турган ыйык милдети. Эл менен жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын тыгыз байланышта аракеттерди көрүп, тездик менен көцгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешип иш алып барып, жардам сурап кайрылган жарандарга туура мамиле жасап, сапаттуу тейлөө көрсөткөндө гана ички иштер органдарынын алдына койгон максаттарына жетет деп эсептейбиз. Барыңыздар эл менен иш алып барыңыздар, жарандардын улутуна, динине, ээлеген ордуна карабастан жеринде канчалык сапаттуу тейлөө көрсөтүлсө, ошого жараша коомчулуктун милицияга болгон ой-пикирлерин, ошого жараша эл тараптан милицияга баа берилет деп эсептейбиз”,-деди Улан Ниязбеков
Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана коопсуздуктуу камсыз кылуу багытында жети тапшырма койду.
Алар, коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна терс таасирин тийгизе турган учурларды алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары уюштурулсун. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда милициянын кайгуул иштери күнү-түнү иш алып барсын. Жайкы туристтик мезгил башталгандыктан жер-жерлерде коомдук тартипти камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жарандарга жана чет элдик жарандарга туура мамиле жасап, сервистик тейлөө көрсөтүүлөр сапаттуу жүргүзүлсүн. Аба ырайынын кескин түрдө ысып кеткенине байланыштуу жарандардын анын ичинде жаш балдардын сууга чөгүп кетүүлөрүнө бөгөт коюу боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, айыл башчылар, өзгөчө кырдаалдар кызматтары менен бирге алардын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлсүн. Ички иштер органдарынын кызматкерлери бардык жарандарга, анын ичинде чет элдик конокторго сылык мамиле жасап, милициянын адептүүлүгүн көрсөтүп, мыйзам чегинде жүктөлгөн милдеттери аткарылсын. Аталган талаптардын бардыгы күнүмдүк нускамаларда өздүк курамга жеткирилип, кызматкерлер арасында мыйзамдарга жана тартип бузууларга жол берилбесин, деген багыттагы тапшырмалар ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан берилип, алардын аткарылышы областтык жетекчилерге жана ИИМдин Башкы штабына жүктөлдү.
Маалымат иретинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат. Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх